• Новости Международный медицинский факультет

14.02.2022ж. ЭМФ кезектеги административдик кенеши болуп өттү

2022-02-14 20:24:32 319

14-февраль 2022-жыл ОшМУнун эл аралык медицина факультетинин кезектеги административдик кенеши болуп өттү. Анда төмөндөгүдөй маселелер каралды.

1. 2021-22 окуу жылынын II-семестрине карата ОМКлардын даярдыгы;

2. Тарбиялык жана куратордук иштеринин аралык текшерүүдөгү жыйынтыгы;

3. Ар кандай маселелер.

Эл аралык медицина факультетинде декандын милдетин аткаруучу, проф. Калматов Роман Калматович факультеттеги окуу процесси жана тарбиялык иштер боюнча айрым өзгөрүүлөр боюнча маалымат берди.

Факультетин окуу методикалык кенештин төрөгасы Кенешбаев Б.К. презентация жасап, 2021-22 окуу жылынын II-семестрине карата 8 кафедранын ОМКнын даярдыгы жөнүндө текшерүүдөн кийинки маалымат менен тааныштырды. II-семестрге карата регламенттик өзгөрүүлөр боюнча түшүндүрмө берди.

Тарбиялык иштер боюнча декандын орун басары Пайзилдаев Т. тарбиялык жана куратордук иштерди оптимизациялоо боюнча планы менен тааныштырып, айрым маселелер боюнча толуктоолорду бекитип берүүнү сунуштады. Ошондой эле февраль айына карата түзүлгөн пландын аткарылуусу боюнча да айттып өттү.

Студенттердин жүрүм-туруму, социалдык жашоосу, соц.сеттердеги коопсуздугу, КР мыйзамдарын, этиканы сактоо боюнча куратордук иштерди жакшыртуу керек экендигин белгилеп өттү.