17.02.2022ж. ϴндүрүш менен ЖОЖдун ортосундагы кызматташууну бекемдөө:

2022-02-21 00:23:10 142

17-февралда ОшМУнун эл аралык медицина факультетинде медицина багытындагы адистиктер менен ОшМУнун өндүрүштүк практика бөлүмү тарабынан уюштурулган «Студенттерди адистике калыптандырууда жогорку окуу жай менен өндүрүштүн ролу» аттуу конференция болуп өттү. Конференцияга ОшМУнун ректору, Ош шаардык клиникалык ооруканасынын директору, Ош шаардык үй-бүлөлүк медицина борборунун директору, Ош облустук стоматологиялык эмканасынын башкы дарыгери, Дары-дармек департаментинин түштүк филиалынын жекечиси, ОшМУнун эл аралык медицина факультетинин деканы жана ОшМУнун өндүрүштук практика бөлүмүнүн жетекчилери катышты. Конференциянын негизги максаты — студенттерди учурдун талабына ылайык окутуу жана компетенцияларды калыптандыруу, жумуш берүүчүлөр менен бүтүрүүчүлөдүн байланышын түзүү болуп эсептелет.