• Новости Международный медицинский факультет

ОшМУнун эл аралык медицина факультетинин студенти Евразия кубогун жеңип алды

2022-03-29 13:56:48 213

2022-жылдын 25-27-марттында Бишкек шаарында WPA\AWPA пауэрлифтинг боюнча Евразия кубогу болуп өттү. Анда ОшМУнун эл аралык медицина факультетинин 2-курсунун студенти Абдурахимов Ниматжан 20-23 курактагылар арасында 100 салмак категориясында 105,160, 165 салмактагы штанганы көтөрүүдө кош таймаш, оордукту туруп көтөрүү жана жатып өтөрүү боюнча үч дисциплинада 1-оорунга ээ болду. Эл аралык медицина факультетинин декандын м.а проф. Калматов Р. К. Абдурахимов Ниматжанды жеңиши менен куттуктап, ийгиликтерди каалады. Таймашка алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн эң күчтүү спортчулар катышышты. Иш-чара ФОК «Газпромдо» өттү.