• Новости Социально-гуманитарных дисциплин

“Scientia Potentia est” илимий иш чарасы өтүлдү.

2023-02-06 17:16:10 92

СГД кафедрасынын Латын тили окутуучулары студенттердин илимий иштеринин алкагында түзүлгөн “Veni.Vidi.Vici” ийриминин катышуучу студенттери менен биргеликте, Грек-роман медицинасынын жана мифологиянын тарыхтагы, диндеги, адабияттагы байланышы жана алардын коомдогу ордун талкуулоо максатында “Scientia Potentia est” илимий иш чарасы өтүлдү. Жыйынтыгында, байыркы грек-латын медицинасынын азыркы медицинага тийгизген таасирин анализдешти жана мифология жөнүндү кенири маалыматка ээ болушту. Жалпысынан иш чарада “Romania”, ”Verbatim”,”Titans” жана “Magus” топтору катышышып алган билимдерин,таланттарын жогорку денгээлде көрсөтүштү. Окутуучулар жана кафедра башчысы тарабынан даядалган сертификат, белектер менен сыйланышты.