• Новости Социально-гуманитарных дисциплин

19.04.2023. Кыргыз тилинен олимпиада

2023-05-04 10:59:52 60

2023-жылдын 19-апрелинде кыргыз тили секциясынын окутуучулары А.Кержебайова, А.Маматова, М.Исаева, А.Жолдошева, Т.Кыдырова жана К. Джеенбаевалар тарабынан 1-курстун студенттеринин арасында предметтик олимпиада өткөрүлдү. Олимпиада үч баскычтан болуп, 1-баскыч 15 суроодон турган тесттик суроолордон, 2-баскыч берилген суроолорго жазуу түрүндө жооп берүү, 3-баскыч оозеки сүйлөө тартибинде өткөрүлдү. Студенттер кыргыз тили, маданияты, жазуу эрежелери боюнча мыкты билимдерин көрсөтүштү. Жыйынтыгында жалпы баалоонун негизинде төмөнкүдөй орундарга ээ болушту жана дипломдор менен сыйланышты. 1-орун. Lakshmy Nair (InL-5a) 2-орун. Dhiraj Baliram (InL-18a), Tanay Riran (InL-17b) 3-орун. Catlin Salaman (InL-19a), Alam Naushad (InL-13a) Ошондой эле активдүү катышкандары үчүн Ilakkija Mindarel (InL-19a), Shehzadi Aqra (InL-13a) жана Mh.Fattah (InL-21a) алкыш баракчалары менен сыйланышты.