• Новости Социально-гуманитарных дисциплин

СГД кафедрасынын окутуучусу эл аралык симпозиумга катышты

2025-10-17 06:13:58 40

ЭАМФтин СГД кафедрасынын доценти, филология илимдеринин кандидаты Айгул Жороева 2025-жылдын 11-октябрында Бишкек шаарында өткөн Кыргызстандын Эл аралык университетинин профессору, филология илимдеринин доктору Зина Караеванын илимий ишмердүүлүгүнө арналган «Семиотика жана жашоонун семиозиси (маңызы): негиздери, моделдери, колдонмолору» аттуу Эл аралык симпозиумга катышып келди.

Иш-чарага дүйнөнүн 17 өлкөсүнөн билим берүү, тил илимдери, философия, физика, жасалма интеллект жана биологиялык илимдер боюнча белгилүү окумуштуулар жана адистер чакырылып, тармактар аралык жаңы илимий баарлашуу жогорку денгээлде өттү.
А. Жороева эл аралык симпозиумда өзүнүн семиотикага байланышкан “Associative exeriment for constructing the concept ’man’ in the Kyrgyz linguistic culture” аттуу баяндамасын окуп, Россия, Туркия, Грузия, Кытай жана Казакстандан келген илимпоздор менен илимий жаатта пикир алышты. Симпозиумга катышкандыгы жана кызыктуу баяндамасы үчүн Сертификатка ээ болду.