2025-10-23 03:46:33 63
Ош мамлекеттик университетинде Россиянын жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларын бириктирген “Евразия тармактык университет” аттуу илимий-билим берүүчү консорциумдун III форуму болуп өттү.
Бул иш-чара Евразия мейкиндигиндеги университеттердин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого, билим берүү программаларынын сапатын жакшыртууга жана академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүүгө багытталган. Форумдун жүрүшүндө катышуучулар жогорку билим берүүдө инновацияларды жайылтуу, интеграциялык билим берүү системаларын өнүктүрүү, биргелешкен изилдөө долбоорлорун ишке ашыруу сыяктуу маанилүү маселелерди талкуулашты.
СГД кафедрасынын окутуучулары да форумга активдүү катышып, социалдык-гуманитардык билим берүү тармагындагы жаңы ыкмаларды жана эл аралык тажрыйбалар боюнча маалымат алышты. Ошондой эле ОшМУ Евразиялык өнөктөш окуу жайлары менен академиялык мобилдүүлүк жана биргелешкен билим берүү программаларын ишке киргизүү боюнча бир катар макулдашууларга жетишти.