• Новости Социально-гуманитарных дисциплин

“BERNICA” долбоорунун жана факультеттин илимий жумалыгы

2025-11-11 05:54:05 22

Ош мамлекеттик университетинин эл аралык медицина факультетинде Австриянын, Турциянын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Кыргызстандын 10го жакын медициналык окуу жайларынын башын бириктирген “BERNICA” долбоорунун жана факультеттин илимий жумалыгынын алкагында эл аралык илимий-практикалык конференция өтүп жатат. Пленардык жыйында нутрициология жана диетология боюнча илимий докладдар окулууда. Бул маанилүү иш-чара медициналык эксперттерди жана изилдөөчүлөрдү чогултуп, калктын ар түрдүү категориялары үчүн жекече диеталык, туура тамактануу ыкмаларын жана коомдук саламаттыкты сактоонун жетишкендиктерин талкуулоого шарт түзөт. Эразмус+ программасынын BERNICA "Building Educational and Research Capacities in Nutrition and Dietetics in Central Asia" долбоору региондогу медициналык университеттердин изилдөө базасын өнүктүрүүгө, окутуунун инновациялык ыкмаларын киргизүүгө жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган.