• Новости Социально-гуманитарных дисциплин

Эл аралык медицина факультетинин 10 жылдыгына арналган олимпиада

2026-04-17 05:27:53 24

2026-жылдын 10-апрелинде Эл аралык медицина факультетинин 10 жылдык мааракесине карата чет тилдери жана латын тили боюнча студенттер арасында үч баскычтан турган олимпиада өткөрүлдү. Бул иш-чара студенттердин тил билүү деңгээлин жогорулатуу, кесиптик терминологияны өздөштүрүү жана алардын чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү максатында уюштурулду. Олимпиада үч этаптан турду: • I этап – тесттик тапшырмалар аркылуу студенттердин теориялык билимдерин текшерүү; • II этап – латын тилиндеги макалдарды англис тилине которуу • III этап – ошол макалдын чечмеленишин англис тилине мисалдар менен корсотуп айтып берүү Иш-чарага факультеттин биринчи курстарынын студенттери активдүү катышып, өз билимдерин жана жөндөмдөрүн жогорку деңгээлде көрсөтүштү. Олимпиаданын жыйынтыгында мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен студенттер диплом,сертификаттар менен сыйланышты. Бул олимпиада студенттердин чет тилдерине болгон кызыгуусун арттырып, алардын келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүндө маанилүү ролду ойной турган билимдерди бекемдөөгө чоң салым кошту.