• Новости Социально-гуманитарных дисциплин

«Кыргызстандын тарыхы жана маданияты» дисциплинасы боюнча предметтик олимпиада өткөрүлдү

2026-04-17 05:29:50 24

2026-жылдын 9-апрелинде СГД кафедрасы тарабынан «Кыргызстандын тарыхы жана маданияты» дисциплинасы боюнча предметтик олимпиада өткөрүлдү. Олимпиаданын негизги максаты – студенттердин билим деңгээлин текшерүү жана сабакка болгон кызыгуусун жогорулатуу болду. Олимпиаданын жүрүшүндө студенттер тесттик жана практикалык тапшырмаларды аткарышты. Жыйынтыгында: I-орунду ИНл-17 тайпасынын студенти MD. Azad (жетектеген улук окутуучу Б.У. Адылбекова) жана ИНл-3 тайпасынын студенти Khan Kamran (жетектеген т.и.к., окутуучу К.Б. Пасанова) ээлешти. II-орунду ИНл-13 тайпасынын студенти Sanjay Subramanian Nagapphan (жетектеген улук окутуучу Б.У. Адылбекова) жана ИНл-3 тайпасынын студенти Noorain Alesha (жетектеген т.и.к., окутуучу К.Б. Пасанова) ээ болушту.III-орунду ИНл-14 тайпасынын студенти Sanjukta Chakraborty (жетектеген улук окутуучу Б.У. Адылбекова) жана ИНл-16 тайпасынын студенти Dehirtha Grazwami (жетектеген улук окутуучу Б.У. Адылбекова) ээлешти. Мыкты көрсөткүчкө жетишкен студенттерге дипломдор тапшырылып, бардык катышуучуларга сертификаттар берилди.Олимпиада жогорку деңгээлде уюштурулуп, коюлган максатына жетти.