• Новости Социально-гуманитарных дисциплин

СГД кафедрасында пайдалуу, кызыктуу тренингдер улантылууда

2026-04-20 05:46:30 19

СГД кафедрасында пайдалуу, кызыктуу тренингдер улантылууда Польшанын Быдгощ экономикалык университетинин дене тарбия институтунун директору, ОшМУнун ардактуу профессору, RITA долбоорунун координатору Александр Скалий эл аралык медицина факультетинин окутуучуларына «Эл аралык долбоорлорго өтүнмө жазуунун эффективдүү жолдору» аттуу темада тренинг өтүп берди. 2 саатка созулган пайдалуу жана мазмундуу пикир алмашууда катышуучулар “Эл аралык долбоорлорго өтүнмө берүүнүн кандай эффективдүү жолдору бар? Коомдогу кайсы көйгөйлөргө карата долбоор даярдоого болот? Тапшырылган өтүнмө артка кайтарылбаш үчүн эмнелерге өзгөчө көңүл буруу зарыл? Финансыны пландоодо эмнелер маанилүү? Жумушту топ кантип түзүлөт?” ж.б. суроолорго копетенттүү жоопторду жана баалуу кеңештерди алышты. Келечекте эл аралык кичи жана чоң гранттарды долбоор жазып утуп алуу боюнча адистер арасында тажрыйба алмашуу жүрдү. Иш-чара социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын жамааты тарабынан демилгеленип уюштурулду.