• Новости Социально-гуманитарных дисциплин

«Дүйнө элдеринин маданияты: биримдикти жана достукту даңазалаган иш-чара»

2026-04-24 16:30:51 13

Эл аралык медицина факультетинде социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасы тарабынан «Дүйнө элдеринин маданияты» аттуу маданий иш-чара өткөрүлдү. Ал өлкөбүздө кабыл алынган «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгу жол концепциянын алкагында уюштурулуп, анын негизги максаты дүйнө элдеринин маданиятын таанытуу, маданияттар аралык биримдикти чыңдоо жана ар улуттун баалуулуктарын даңазалоо болду. Көп тилде – кыргыз, орус жана англис тилдеринде алып барылган иш-чарада катышуучулар достукка, өз ара түшүнүшүүгө жана урмат-сыйга чакырышты. Иш-чаранын ачылышында кафедра башчысы С.М. Амиралиев маданий ар түрдүүлүк аркылуу элдердин достугу бекемделерин айтып, мындай иш-чаралар эл аралык ынтымакты өнүктүрүүгө чоң салым кошорун белгиледи. Программа алкагында кыргыз элинин бай руханий мурасы кеңири чагылдырылып, «Манас» эпосунан үзүндү айтылып, «Кыз узатуу» салты сахналаштырылды. Ошондой эле орус, индия элдеринин ыр-бийлери көрсөтүлүп, дүйнө элдеринин маданияты боюнча викторина уюштурулду.