• Новости Социально-гуманитарных дисциплин

Заманбап филологиянын семиотикалык парадигмалары

2026-04-27 01:55:00 9

2026-жылдын 10-апрелинде Ош мамлекеттик университетинде ф.и.д., проф. Караева Зина Караевнанын илимий жетишкендиктери үчүн “ОшМУнун ардактуу профессору” наамын алышы аземине арналган “Заманбап филологиянын семиотикалык парадигмалары” деп аталган эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Конференция гибриддик форматта чет олколук (Англия, Россия, Казакстан, Өзбекстан) жана кыргызстандык илимпоздордун катышуусунда жемиштуу өттү. Зина Караевна Кыргызстанда семиотика жана котормо таануу илимине негиз салган алгачкы окумуштуулардын бири. Бул илимий-практикалык конференцияга СГД кафедрасынын кафедра башчысы профессор Амиралиев С.М. жана доцент Жороева А. катышып, өз илимий көз караштары менен бөлүшүп сертификаттарга ээ болушту.