• Новости Социально-гуманитарных дисциплин

“Заманбап СӨАИ чебери”

2026-05-28 04:20:34 46

2026-жылдын 24-апрелинде Ош мамлекеттик университети тарабынан уюштурулган “Заманбап СӨАИ чебери” аттуу кесиптик чеберчилик конкурсунун финалдык этабы өткөрүлдү. Аталган сынакка университеттин ар түрдүү факультеттеринин окутуучулары катышып, заманбап окутуу ыкмалары, инновациялык технологиялар жана педагогикалык чеберчилик боюнча өздөрүнүн тажрыйбаларын көрсөтүштү. Конкурстун жыйынтыгында Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык медицина факультетинин окутуучусу Эркайым Акбар кызы финалдык турда ийгиликтүү катышып, 4-байгелүү орунга ээ болду. Бул жетишкендик окутуучунун чыгармачыл изденүүсүн, кесипкөйлүгүн жана билим берүү тармагындагы заманбап усулдарды натыйжалуу колдоно билгендигин тастыктайт. Мындай ийгиликтер университеттин билим берүү сапатын жогорулатууга жана окутуучулардын кесиптик өнүгүүсүнө чоң өбөлгө түзөт. Буйрук