• Новости Социально-гуманитарных дисциплин

«Жоомарт жолу – Манас» сүрөт-китебинин жана «Көктүн уулу» иммерсивдүү санариптик музейинин бет ачар аземи

2026-05-30 05:21:09 61

2026-жылдын 29-май күнү Манас улуттук академиясында Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиевдин 80 жылдыгына арналган «Жоомарт жолу – Манас» сүрөт-китебинин жана «Көктүн уулу» иммерсивдүү санариптик музейинин бет ачар аземи Ош шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулду. Иш-чара сүрөтчүнүн чыгармачылык мурасын даңазалоого жана жаш муундарга таанытууга багытталды. Аталган маданий иш-чарага кафедранын окутуучулары окутуучу Джеенбаева К.А., ф.и.к., доцент Жолдошева А. К., т.и.к., окутуучу Пасанова К. жана улук окутуучу Адылбекова Б. катышышты. Катышуучулар Жоомарт Кадыралиевдин чыгармачылык жолу, анын кыргыз көркөм өнөрүнө жана «Манас» эпосунун образдарын сүрөт искусствосу аркылуу жайылтууга кошкон салымы тууралуу кеңири маалымат алышты. Ошондой эле жаңы форматтагы иммерсивдүү санариптик музей менен таанышып, заманбап технологиялар аркылуу сунушталган көргөзмөнү көрүштү. Иш-чара улуттук маданий мурастарды сактоо жана жайылтуу, ошондой эле искусство менен билим берүүнүн байланышын чыңдоо багытында маанилүү тажрыйба болду.