• Новости Социально-гуманитарных дисциплин

Старосталар менен эркин баарлашуу

2026-06-02 03:53:19 31

Социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын башчысы С.М. Амиралиев эл аралык медицина факультетинин “Дарылоо иши” адистигинин 1-курсунун старосталары менен жолугушуу өткөрдү. Жыйында ал коррупциялык иштердин алдын алуу боюнча сөз сүйлөп, студенттер мыкты окуш керектигине, алардын аракети, билими окутуучулар тарабынан калыс, туура баалануусу зарыл экендигиндигине токтолду. Модуль, экзамен учурларында эч кандай паракорчулукка жол берилбестигин, мындай терс көрүнүштөр атайын мамлекеттик органдар тарабынан тыкыр көзөмөлдөнүп жаткандыгын, пара берген адам дагы, алган адам дагы бирдей жоопкерчилик тарта тургандыгын эскертти. Соңунда студенттердин окууларына ийгиликтерди каалап, жолугушууга келгендиктери үчүн ыраазычылык билдирди.