• Новости Анатомия, гистология и нормальная физиология

2022, Ноябрь: Обладатели диплома III степени

2022-11-19 13:28:04 141

Ушул жылдын 15-ноябрында Бүткүл дүйнөлүк илим күнүнө жана мугалимдер күнүнө карата С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында Ош мамлекеттик университети тарабынан салтанат өткөрүлдү. Бул салтанаттуу иш-чара “Мугалим – билим ачкычы, Кесиптик кошуун – эмгек сакчысы ” аттуу ОшМУнун Кесиптик кошууну тарабынан уюштурулган концерттик кече менен коштолду. Салтанатты ОшМУнун ректору К.Г.Кожобеков куттуктоо сөзү менен ачып берди. Өзүнүн сөзүндө ректор университеттин профессордук-окутуучулук курамы тарабынан илимий жетишкендиктерин жана илимий багытта алып барылып жаткан жумуштар жөнүндө белгилей кетти. Илим күнүнүн алкагында илимий чөйрөдө өзгөчөлөнгөндөргө дипломдор, сертификаттар, акчалай сыйлыктар тапшырылды. Сыйлык алгандардын катарында кафедрабыздын доценти С.Дж.Джолдубаев “Мыкты окуу усулдук колдонмо - 2022” үчүн III даражадагы диплом менен, кафедранын окутуучулары К.Козуев жана Э.Байгашкаев ардак грамоталар менен сыйланышты. Сыйлык ээлерин куттуктайбыз! /// 15 ноября текущего года в Ошском национальном драматическом театре имени С.Ибраимова Ошский Государственный университет провел торжество в честь Всемирного дня науки и учителя. Данное торжество сопровождалось праздничной программой “Учитель – ключ к знаниям, Профсоюз – охранник труда”, которое было организовано профсоюзом ОшГУ. Торжество приветственным поздравлением открыл ректор ОшГУ К.Г.Кожобеков. В своей речи он также отметил все научные достижения и работу проводимую в области науки со стороны ППС университета. В рамках дня науки на этом мероприятии, наиболее отличившимся были вручены дипломы, сертификаты, денежные призы. Среди награжденных доцент нашей кафедры С.Дж.Джолдубаев получил диплом III степени “Лучшее учебно-методическое пособие - 2022”, преподаватели К.Козуев и Э.Байгашкаев получили почетные грамоты. Поздравляем наших призеров! /// On November 15 of this year at the Osh National Drama Theater named after S.Ibraimov Osh State University held a celebration in honor of the World Day of Science and Teachers. This celebration was accompanied by a festive program "Teacher is the key to knowledge, Trade Union is a labor guard", which was organized by the OshSU trade union. The celebration was opened by the rector of Osh State University K.G.Kozhobekov with a welcoming greeting. In his speech, he also noted all the scientific achievements and work carried out in the field of science by the teaching staff of the University. As part of the Science Day at this event, the most distinguished were awarded diplomas, certificates, and cash prizes. Among the awardees, associate professor of our department S.Dzholdubayev received a diploma of the III degree "Mykty okuu usulduk koldonmo - 2022", teachers K.Kozuyev and E.Baigashkaev received certificates of honor. Congratulations to our winners!