КД 2 кафедрасынын окутуучусу Жайнагүл Абдирасулова “Жылдын мыкты жаш окумуштуусунда” 2-чи орунду ээледи.

2024-11-18 10:47:49 31

Жаш окумуштуулар сынагында ОшМУнун кызматкерлери алдыңкы ордундарды багындырды. Билим берүү жана илим министрлигинин жаш изилдөөчүлөр жана окумуштуулар арасында жарыялаган сынагынын жыйынтыгы чыкты. Ага ылайык, ОшМУнун кызматкери Шербол Жапаралиев “Жылдын эң мыкты илимий макаласы” номинациясы боюнча экинчи орунду алды. Ал эми КД 2 кафедрасынын окутуучусу Жайнагүл Абдирасулова “Жылдын мыкты жаш окумуштуусунда” 2-чи орунду ээледи. Ушул эле номинация боюнча Салтанат Алишер кызы үчүнчү, Мээргүл Асаналиева төртүнчү орунду багындырды. Сынактын жыйынтыгы 14-ноябрда Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында өткөн майрамдык иш-чаранын алкагында угузулду. Жеңүүчүлөргө министрликтин дипломдору тапшырылды. Сынакка окумуштуулук даражасы бар же жок экенине карабастан 35 жашка чейинки курактагы жаш илимпоздор катышкан.