• Новости Социально-гуманитарных дисциплин

Түркиядагы Эл аралык Евразия коомдук илимдер жана искусство симпозиумуна кафедра окутуучулары катышып келишти

2024-11-20 15:31:31 25

2024-жылдын 15-16-ноябрында Анталья Белек университетинин гуманитардык факультети менен биргеликте уюштурулган ESSA V Эл аралык Евразия коомдук илимдер жана искусство симпозиумуна ОшМУнун окутуучулары доцент Г. К. Койчуманова, Ф.М. Жееналиева, А.Б. Маматова, А. Б. Кенжебайовалар катышып келишти. Симпозиумдун ачылыш аземинде Анталья Белек университетинин ректору проф. Dr. Мустафа Фадыл Сөзен, гуманитардык факультеттин деканы жана симпозиумдун уюштуруу комитетинин төрагасы проф. Dr. Хусейин Бал, Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын профессору Dr. Сулейман Кайыпов жана симпозиумдун уюштуруу комитетинин төрайымы док. Кыял Камчыбекова Абдираим өз сөздөрүндө бул иш-чаранын илимий жана маданий өнүгүү үчүн маанилүүлүгүн баса белгилешти. Иш-чара гибрид форматта уюштурулуп, бетме-бет сессиялар Анталья Белек университетинин кампусунда өткөрүлдү. Симпозиумга 40тан ашуун белгилүү илимий мекемелердин өкүлдөрү катышып, онлайн режиминде 100дөн ашык көптөгөн илимий баяндама жасашып, симпозиумга активдүү катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө: - Коомдук илимдердеги жана искусстводогу жаңы изилдөөлөр боюнча илимий докладдар окулду. - Психология тармагында «Арт-терапия» семинарлары өткөрүлдү. - «Метехандан Ата түрк эл аралык топ жана жеке көргөзмөсү» уюштурулуп, анда сүрөтчүлөрдүн эмгектери сунушталды. Симпозиумда Кыргызстандын билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү активдүү катышты. Профессорлор З.Караева, С.Кайыповдор, Прагадан Тынчтыкбек Чоротегин пленардык жыйында доклад окушту. - Симпозиумдун программасына ылайык секциялык иштерде ОшМУнун окутуучулары доцент Г.К. Койчуманова "Философиялык поэзия эмоционалдык интеллектти өнүктүрүү куралы катары: дисциплиналар аралык талдоо", Ф.М. Жееналиева "Философиялык поэзия: жаратылыш, руханий жалгыздык жана ой жүгүртүүнүн мейкиндиги", А.Б. Маматова "Барпы Алыкуловдун чыгармаларындагы философиялык ойлор жана символикалык образдар", А.Б. Кенжебайова "Акындар чыгармачылыгындагы этнопедагогикалык элементтер" деген темаларда илимий баяндамаларын жасашып, изилдөөлөрүн сунушташты. Анталья Белек университети келечекте ушул сыяктуу илимий жана маданий иш-чаралар уюштурууларын баса белгиледи. Симпозиум илим жана искусствонун ар кыл чөйрөлөрүндө идеялар менен тажрыйбаларды алмашуу үчүн маанилүү платформа болуп, Евразия аймагындагы кызматташтыктын жаңы горизонтторун ачты.