• Новости Социально-гуманитарных дисциплин

“Дисциплиналар аралык горизонттор: медицина, тил жана гуманитардык билимдер” аталышындагы студенттер арасындагы эл аралык конференция СГД кафедрасы тарабынан уюштурулду

2024-12-01 12:39:28 18

2024-жылдын 29-ноябрында Илим күнүнө жана ОшМУнун 85 жылдыгына арналган “Дисциплиналар аралык горизонттор: медицина, тил жана гуманитардык билимдер” аталышындагы студенттер арасындагы эл аралык илимий –практикалык конференция ОшМУнун Эл аралык медицина факультетинде болуп өттү. Илимий конференция социалдык – гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын жетекчилиги менен уюштурулду.
Иш-чарада ОшМУнун Окуу иштери жана Инновация боюнча проректору Р. Арапбаев, факультеттин деканы Р. Калматов конференциянын илим жаатындагы жакшы саамалык экендигин белгилөө менен катышуучуларга ийгилик каалап өтүштү. Конференциянын пленардык болугун гибриддик формада өткөрүлдү жана Индия, Өзбекстан өлкөлөрүнөн жаш окумуштуулар илимий тажрыйбалары менен болушушту. Конференциянын экинчи болугундо мастер-класс, тегерек стол, секциялык отурумдар жемиштуу өткөрүлдү.
Өзбекстан, Индия сыяктуу өлкөлөрдөн окумуштуу жана жаш изилдөөчүлөр катышкан бул конференция медицина, тил жана гуманитардык билимдер багытында актуалдуу маселелер боюнча тажрыйба алмашылып, сунуштар айтылды.