• Новости Международный медицинский факультет

“Окутуунун интерактивдүү усулдары” деп аталган семинар-тренинг.

2025-02-02 18:13:26 52

2025- жылдын 15-январынан 24- январына чейин кафедранын окутуучудары Тешебаева У.Т., Молдобаева А.О. жана Марс кызы Т. окутуучулары Сингапур билим берүүдөгү кызыктуу жана активдүү усулдары, жасалма интеллект, жаңы билимдер жана тажрыйбаларга ээ болушту. “Окутуунун интерактивдүү усулдары” деп аталган 72 сааттык семинар-тренинг. Бул тренингте төмөнкү темалар боюнча терең билимдерге жана көндүмдөргө ээ болушту. - Сингапур билим берүүнүн жолдору; - "Конструктивдүү мугалимдин образы жана иш-аракети"; - 4К Коммуникация, креативдүүлүк, сынчыл ой жүгүртүү, топ менен иштөө; - 5Е модели; - SMART ыкмасы - "Устат-шакирт" ыкмасы; - "Теорияга чейин практика" ыкмасы; - Жасалма интеллектти окутууда натыйжалуу колдонуу. Окутуучулар билим берүүдө жаңы усулдарды өздөштүрүү менен нарк, ата тек, максаттарды туура коюу, суроолорду туура берүү менен сынчыл ой жүгүрткөн жана чыгармачыл окутуучу болууга практикалык тапшырмаларды аткарышып, ыраазычылыктарын билдиришти. Жыйынтыгында, катышкан окутуучулар сертификаттарга ээ болушту. Жаңы билимдерге жана иш-аракеттерге болгон кызыгуу, келечектеги билим берүү системасын жакшыртууга чоң салым кошууга багытталат