2025-жылдын 16-апрелинде эл аралык медицина факультетинин СГД кафедрасынын
кыргыз тили секциясынын окутуучулары 1-курстун студенттерине предметтик
олимпиада өткөрүштү. Олимпиадага жалпысынан 14 студент катышып, жыйынтыгы
төмөндөгүдөй чыгарылды:
Өзгөчөлөнгөн 1-орун — Б. Вишва (InL-9-25). Окутуучусу: А. Б. Маматова.
1-орун — Магеш Кумар (InL-9-25), Бала Адития (InL-19-25). Окутуучулары: А.
Б. Маматова, М. А. Исаева.
2-орун — Мотилал (InL-1-25), Мутху Раман (InL-14-25), Гаятри (InL-14-25).
Окутуучулары: А. Б. Кенжебайова, А. Б. Маматова.
3-орун — Кавита (InL-1-25), Шилин (InL-14-25), Карышма (InL-19-25), А.
Гаятри (InL-23-25). Окутуучулары: А. Б. Маматова, А. Б. Кенжебайова, М. А.
Исаева, А. К. Жолдошева.
Кирибалан (InL-1-25), Мухаммад Салам (InL-14-25), Мутху Кумар (InL-16-25)
жана Амрталар (InL-16-25) кафедра тарабынан “Алкыш баракчага” ээ болушту.