• Новости Социально-гуманитарных дисциплин

СГД кафедрасы тарабынан Нооруз майрамына карата чоң иш-чара өткөрүлдү.

2025-06-02 09:40:10 13

2025-жылдын 19-мартында СГД кафедрасы тарабынан Нооруз майрамына карата чоң иш-чара өткөрүлдү. Иш- чаранын максаты, студенттерге кыргыз элинин салттык оюндары, ыр- бийи аркылуу маданият таануусуна , социалдашуусуна өбөлгө түзүү. Майрамда сүрөт көргөзмөсү, "Аркан тартыш", "Жоолук салмай" жана "Ак терек, көк терек" сыяктуу кыргыз элинин улуттук оюндары, акыйнек айтышы студенттер тарабынан аткарылды. Бул иш-чара кафедранын окутуучулар тарабынан жогорку деңгээлде уюштурулуп, студенттердин кыргыз элинин маданиятын жакындан таанууга жана социалдашуусуна чоң шарт түзүлдү. Алардын өз ара достугун, биримдигин чыңдаган эң жакшы жана маанилүү иш-чара болду.