• Новости Социально-гуманитарных дисциплин

Чет тили боюнча ачык сабак

2025-06-14 07:48:49 18

Акбар кызы Эркайым GM2-1-24 тайпасынын студенттерине “Noun and its Categories” деген темада ачык сабак өттү. Сабакта зат атоочтун негизги түшүнүгү жана анын түрлөрү — жалпы, жалгыз, саналуучу, саналбаган, жандуу жана жансыз зат атоочтор түшүндүрүлдү. Окутуучу сабакты кызыктуу усулдар менен уюштуруп, интерактивдүү тапшырмалар аркылуу студенттердин активдүүлүгүн жогорулатты. Студенттер англис тилиндеги зат атоочторду туура колдонуп, мисал келтирүү жана классификациялоо боюнча практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүштү. Сабак максатына жетти жана студенттер үчүн пайдалуу болду.