• Новости Социально-гуманитарных дисциплин

Андижан мамлекеттик чет тилдер институтунун өкүлдөрү конок лекция өтүштү

2025-06-24 03:51:55 3

2025-жылдын 16-майында Андижан мамлекеттик чет тилдер институтунун өкүлдөрү – PhD Тошбоева Барнохон, докторант Дадохонова Мохлорайим жана Хожамбердиева Хилолахон Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык медицина факультетинин GM2-5-24 жана GM2-6-24 тайпаларынын студенттери үчүн “Clinical Linguistics and its Role in English Communication” деген темада конок лекция өтүштү. Иш-чаранын негизги максаты – студенттерге клиникалык лингвистиканын медицина тармагындагы ордун түшүндүрүп берүү жана англис тилинде кесиптик коммуникацияны жакшыртууга багытталган жаңы түшүнүктөр менен тааныштыруу болду. Лекциянын жүрүшүндө конок адистер клиникалык лингвистиканын негизги түшүнүктөрүн, анын англис тилинде коммуникация жүргүзүүдөгү ролун жана маанисин кеңири баяндап беришти. Теориялык маалыматтар практикалык мисалдар менен бекемделип, студенттер активдүү суроо-жооп форматында катышып, пайдалуу маалыматтарга ээ болушту. Иш-чара студенттер үчүн абдан кызыктуу жана пайдалуу болуп, алардын тил үйрөнүүгө болгон кызыгуусун арттырды. Ошондой эле, бул лекция тил жана медицина жаатындагы интеграцияланган билим берүү моделин өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.