• Новости Социально-гуманитарных дисциплин

СГД кафедрасында кезектеги отурум болуп өттү

2026-03-18 08:37:12 13

СГД кафедрасында кезектеги отурум болуп өттү 2026-жылдын 18-мартында саат 14:00дө СГД кафедрасынын кезектеги отуруму өткөрүлдү. Отурумдун жүрүшүндө кафедра мүчөлөрү күн тартибинде каралган бир катар маанилүү маселелерди талкуулашты. Алсак, предметтер боюнча жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары каралып, окутуунун сапатын жогорулатуу максатында силлабустарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана интерактивдүү окутуу усулдарын кеңири колдонуу боюнча сунуштар берилди. Мындан тышкары, кыргыз жана орус тилдери боюнча 2-семестрдин экзамендик (тесттик) суроолору талкууланып, тиешелүү деңгээлде бекитилди. Ошондой эле кафедранын окутуучуларын университет тарабынан жарыяланган бош кызмат орундарын ээлөө боюнча конкурска катышууга сунуштоо маселеси каралды. Отурумдун алкагында окутуучулардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу, өз билимин өркүндөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулуп, тиешелүү сунуштар айтылды. Жыйын соңунда ар түрдүү маселелер каралып, кафедранын мындан аркы ишмердүүлүгүнө байланышкан бир катар чечимдер кабыл алынды.