• Новости Социально-гуманитарных дисциплин

Нооруз – көктөм майрамы

2026-03-20 05:15:21 28

Социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасы тарабынан “Нооруз – көктөм майрамы” аталышындагы маданий-массалык иш-чара уюштурулду. Ага окутуучулар, студенттер жана шаардын тургундары катышып, сүмөлөк, боорсок, каттамадан даам сызышты. Студенттер ортосунда аркан тартыш, жоолук таштамай, ак терек, көк терек сыяктуу кыргыз улуттук оюндары боюнча мелдештер өткөрүлдү, жеңүүчүлөргө белектер тапшырылды. Кафедра башчысы С.М. Амиралиев катышуучуларды жазды утурлай кирип келген майрам менен куттуктап, ар бир үйдө токчулук, молчулук, ырыс-кешик, ынтымак, ийгилик болсун деген тилегин билдирди. Иш-чара концерттик программа жана “Алас-алас” жөрөлгөсү менен коштолду.