• Новости Социально-гуманитарных дисциплин

" Заманбап чакырыктардын контекстинде социалдык- гуманитардык илимдердин актуалдуу маселелери"

2026-04-10 02:16:52 51

2026-жылдын 8- апрелинде Түштүк философтор коому жана Кыргыз- Кытай факультети биргеликте уюштурган эл аралык илимий практикалык конференция болуп өттү.Конференция белгилүү философ Тогусаков Осмон Асанкуловичтин жаркын элесине арналып," Заманбап чакырыктардын контекстинде социалдык- гуманитардык илимдердин актуалдуу маселелери" деген темада болуп өттү . Илимий практикалык конференцияга эл аралык медицина факультетинин студенттери доцент Г.Ж.Орунбаеванын жетекчилигинде катышып, сертификат жана дипломдорго ээ болушту. Iдаражадагы диплом менен ЛКУ1-24 тайпасынын студенти А. Юлдашев, Н.Усманова, II даражадагы диплом менен А.Умаров, III даражадагы диплом менен Г. Бекетаева , У. Батырбеков сыйланышты.