• Новости Социально-гуманитарных дисциплин

“Билим берүүдө жасалма интеллект, заманбап платформалар жана эффективдүү методикаларды колдонуу”

2026-05-26 04:59:19 23

СГД кафедрасындагы ф.и.к. доцент, Жороева А.М, окутуучу Джеенбаева Кос-Миралар 2026-жылдын 24-мартынан 24-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту тарабынан уюштурулган “Билим берүүдө жасалма интеллект, заманбап платформалар жана эффективдүү методикаларды колдонуу” аттуу 72 сааттык кыска мөөнөттүү квалификация жогорулатуу курсун ийгиликтүү аяктап, сертификатка ээ болушту. Курс учурунда билим берүү тармагында жасалма интеллектти колдонуу, заманбап санариптик платформалар менен иштөө жана окутуунун натыйжалуу методикалары боюнча практикалык жана теориялык билимдер берилди.