ОшМУнун Сапат департаменти тарабынан түзүлгөн графиктин негизинде, Социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын окутуучусу Д. Салиеванын ачык сабагы жогорку деңгээлде өтүп, финалдык баскычка чыккан.
Финалда Д. Салиева актуалдуу темаларынын бири болгон «Санариптик трансформация: MIRO доскасы аркылуу биргелешип билим алуу» аттуу темада мастер-класс өтүп берди. Ал заманбап технологияларды билим берүүдө интеграциялоо боюнча өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүштү.
Жыйынтыгында Д. Салиева 2-орунду ээлеп, өзүнүн кесипкөйлүгүн далилдеди.
Буйрук