ОшМУнун Эл аралык медицина факультетинин Социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын окутуучулары Акбар кызы Эркайым жана Салиева Динаранын жетекчилиги алдында студенттер тарабынан даярдалган «Greek and Latin Borrowed Words in English» аттуу илимий макала эл аралык деңгээлдеги International Journal for Doctor of Medicine and Medical Students (IJDMMS) журналында жарык көрдү. Макалада англис тилиндеги грек жана латын тилдеринен кирген сөздөрдүн тарыхый өнүгүүсү, алардын илимий, медициналык жана академиялык лексикадагы орду талдоого алынган.
Изилдөө англис тилинин сөз байлыгынын калыптанышына классикалык тилдердин тийгизген таасирин көрсөтүп, тил илими жаатындагы актуалдуу маселелерди камтыйт. Бул жетишкендик кафедранын илимий-изилдөө ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы болуп саналат жана окутуучулар менен студенттердин эл аралык илимий кызматташтыгын чыңдоого өбөлгө түзөт