• Новости Социально-гуманитарных дисциплин

СӨАИ алуу боюнча усулдук көрсөтмө бекитилди

2026-05-30 11:49:20 17

СӨАИ алуу боюнча усулдук көрсөтмө бекитилди 2026-жылдын 29-майында Ош мамлекеттик университетинин окуу-усулдук кеңешинин окуу-усулдук колдонмолорду экспертизалоо боюнча комиссиясынын жыйыны болуп өттү. Жыйында эл аралык медицина факультетинин социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын окутуучулары Ж.Арыматова, Э.Акбар кызы,Д.Салиева тарабынан даярдалган «Орус тили чет тили катары» дисциплинасы боюнча СӨАИ (СРС) аткарууга арналган усулдук көрсөтмө каралды. Эксперттик комиссия тарабынан сунушталган материал талаптарга жооп берери белгиленип, оң баа берилди. Натыйжада аталган усулдук көрсөтмө жактырылып, окуу процессинде колдонууга жана басмадан чыгарууга сунушталды.