• Новости Социально-гуманитарных дисциплин

Долбоордун 4-оюну ординаторлордун ортосунда өттү

2026-05-30 12:12:22 6

“РОСОМЕД” уюмунун колдоосу менен ишке ашып жаткан «Интеллектуальная викторина в формате “Своей игры” для оценки уровня профессиональных знаний медиков-знатоков» аттуу долбоордун алкагында дипломдон кийинки жана үзгүлтүксүз медициналык билим берүү борборунун ординаторлору үчүн пилоттук тестирлөө оюндарынын 4-оюну уюштурулду. Ага ар кыл курста окуган 22 ординаторлордон куралган “Профессор” жана “Антибиотик” командалары катышып, 1500 упай топтоо менен “Профессор” командасы 1-орунду ээледи. Мындан тышкары ар бир командадан Бегимай жана Акбермет деген кыздар мыкты оюнчу деп табылды. Оюнчуларга 3 раундда “Латинский язык”, “Кровь”, “Будьте здоровы!”, “Химические элементы”, “Врачи”, “Ассорти” ж.б. категориялар боюнча түзүлгөн 40 суроо берилди. Иш-чараны орус тилинде проф. С.М. Амиралиев алып барды. Катышуучуларга медициналык халат, глобус сыяктуу белектер жана дипломдор тапшырылды. Оюнду уюштурууга жакындан колдоо көрсөткөндүгү үчүн дипломдон кийинки жана үзгүлтүксүз медициналык билим берүү борборунун директору, доцент Жанбаева Анара Кенешовнага терең ыраазычылык билдиребиз.