• Новости Акушерства, гинекологии и хирургических дисциплин

Хажеттепе университетинде эл аралык академиялык мобилдүүлүк программасы ийгиликтүү аяктады

2026-06-21 16:49:11 7

2026-жылдын 18-июнунда Ош мамлекеттик университетинин акушерство жана гинекология багыты боюнча өкүлү, акушерство жана гинекология кафедрасынын башчысы, м.и.к., доцент Субанова Гүлжамал Арстаналиевна Түркия Республикасынын Анкара шаарындагы Хажеттепе университетинин Медицина факультетинин Акушерство жана гинекология кафедрасында эл аралык академиялык мобилдүүлүк программасын ийгиликтүү аяктады. Аталган программа 36 академиялык саат көлөмүндө өткөрүлүп, анын алкагында катышуучу заманбап медициналык стандарттар, акушерство жана гинекология тармагындагы эл аралык клиникалык тажрыйбалар, бейтаптарды алып баруунун жаңы ыкмалары жана жогорку деңгээлдеги университеттик клиниканын ишмердүүлүгү менен таанышты. Программанын жүрүшүндө Субанова Г.А. Хажеттепе университетинин Медицина факультетинин профессордук-окутуучулук курамы жана клиникалык адистери менен жолугушуп, акушерство жана гинекология тармагындагы билим берүү, илимий-изилдөө жана клиникалык ишмердүүлүк боюнча тажрыйба алмашты. Эл аралык академиялык мобилдүүлүк программасынын жыйынтыгында Хажеттепе университетинин Медицина факультети тарабынан Субанова Гүлжамал Арстаналиевнага программаны ийгиликтүү аяктагандыгы тууралуу сертификат тапшырылды. Мындай академиялык мобилдүүлүк иш-чаралары эл аралык кызматташтыкты чыңдоого, медициналык билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, ошондой эле акушерство жана гинекология багытында заманбап клиникалык тажрыйбаларды өздөштүрүүгө өбөлгө түзөт. Маалымат үчүн: Хажеттепе университети Түркиянын алдыңкы жогорку окуу жайларынын бири болуп саналат жана медицина тармагындагы билим берүү, илимий изилдөө жана клиникалык практиканы өнүктүрүү боюнча кеңири таанылган университеттердин катарына кирет. Сүрөттөргө аталыштар: Субанова Г.А. Хажеттепе университетинин Медицина факультетинде эл аралык академиялык мобилдүүлүк программасынын сертификатын алды. Хажеттепе университетинин клиникалык базасы менен таанышуу учуру. Акушерство жана гинекология кафедрасынын адистери менен тажрыйба алмашуу. Хажеттепе университетинин Аялдардын оорулары жана төрөт бөлүмүндө. Эл аралык академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагындагы жолугушуу.