• Новости Социально-гуманитарных дисциплин

Кафедра башчысы Фергана шаарында диссертациялык кеңештин жыйынына катышты

2026-09-29 08:05:23 6

12.09.2026. Фергана мамлекеттик университетиндеги DSC.03/2025.27.12.Fil.10.05 диссертациялык кеңештин жыйынында филол.и.к., доц. Ибрагимова Эхтиётхон Исмаиловна филология илимдеринин доктору, профессор А. Мамажоновдун жетекчилиги астында жазган “Ирониянын өзбек тилинде дискурсивдик-прагматикалык жактан изилдениши” аттуу темадагы докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргоду. Иш ирониялык дискурстун когнитивдик жана прагматикалык негиздерин, анын таанып-билүү процессиндеги лингвомаданий факторлорун жана өзбек тилинде сүйлөөчүлөр үчүн коммуникативдик стратегияларын изилдөөгө арналган. Коргоого кеңештин мүчөлөрүнөн тышкары ОшМУнун жана Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунун окумуштуулары, социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын башчысы, ф.и.д., проф. Амиралиев С.М. дагы катышып келди.