• Новости Социально-гуманитарных дисциплин

СГД кафедрасында ITEC программасына тапшыруу боюнча семинар өткөрүлдү

2026-10-20 08:21:43 2

16-октябрь 2026-ж. СГД кафедрасынын окутуучусу Басурманку кызы Мээримгүл кафедранын окутуучулары үчүн Индиянын ITEC (Indian Technical and Economic Cooperation) программасына тапшыруу боюнча маалыматтык семинар өткөрдү. Семинардын жүрүшүндө ITEC программасынын максаттары, катышуу шарттары, окуу курстарын тандоо, документтерди даярдоо жана тапшыруу тартиби тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле Индияда квалификацияны жогорулатуу жана эл аралык тажрыйба алуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Семинар катышуучуларга ITEC программасынын мүмкүнчүлүктөрү менен таанышууга жана эл аралык билим берүү программаларына катышуу боюнча керектүү маалыматтарды алууга шарт түздү. Мындай иш-чаралар окутуучулардын кесиптик өнүгүүсүнө, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана жаңы билимдерди өздөштүрүүгө өбөлгө түзөт.