• Новости Социально-гуманитарных дисциплин

СГД кафедрасынын кезектеги отуруму болуп өттү

2026-10-21 07:07:02 7

2026-жылдын 20-октябрында СГД кафедрасынын кезектеги отуруму болуп өттү. Отурумда окуу процессин уюштуруу, окуу-методикалык документтерди даярдоо, электрондук окуу-методикалык комплекстерди түзүү, сабактардын иштелмелерин бекитүү жана студенттердин билим деңгээлин баалоо маселелери талкууланды. Ошондой эле студенттер үчүн акысыз тил курстарын, ийримдерди, Speaking Club уюштуруу, 1-курстун студенттерине адаптациялык жумалык өткөрүү жана «Устат – коомдун тиреги» аттуу тегерек столго даярдык көрүү маселелери каралды. Отурумдун жыйынтыгында алдыдагы милдеттер талкууланып, окуу процессинин сапатын жогорулатууга багытталган иштер белгиленди.