• Новости Социально-гуманитарных дисциплин

«Эл аралык илимий маалымат базалары жана илимий-метрикалык көрсөткүчтөр» деген темада илимий семинар өткөрүлдү

2026-10-23 09:00:08 9

2026- жылдын 22- октябрында "Эл аралык илимий маалымат базалары жана илимий-метрикалык көрсөткүчтөр» деген темада илимий семинар өткөрүлдү. Семинарды кафедранын илимий иштери боюнча жооптуу, доцент Г. Орунбаева уюштурду. Семинарга лектор катары ОшТУнун экономика илимдерин доктору Хамзаева Айнура Мураталиевна чакырылып, эл аралык илимий маалымат базаларынын өзгөчөлүктөрү, илимий макалаларды жарыялоонун талаптары жана окумуштуулардын илимий ишмердүүлүгүн баалоодо колдонулуучу илимий-метрикалык көрсөткүчтөр тууралуу маалымат берди. Ошондой эле Scopus, Web of Science сыяктуу эл аралык маалымат базаларынын мааниси, Хирш индекси (h-index), цитаталануу көрсөткүчтөрү жана илимий басылмалардын рейтингдери талкууланды. Жыйынтыгында, ПО курам эл аралык илимий маалымат базаларын натыйжалуу пайдалануу, илимий эмгектердин көрсөткүчтөрүн жогорулатуу жана илимий ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун баалоо боюнча пайдалуу маалыматтарга ээ болушту.