• Новости Социально-гуманитарных дисциплин

СГД кафедрасынын окутуучулары 1-курстарды кабыл алуу иш-чарасына катышышты

2026-10-30 03:11:38 5

Эл аралык медицина факультетинде 1-курска тапшырган студенттердин адаптациялык жумалыгынын алкагында салтанаттуу кече уюштурулду. Ага студенттер, окутуучулар жана кураторлор катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө кафедра башчысы, проф. С.М. Амиралиев куттуктоо сөз сүйлөп, университеттик жашоо – бул билим алуу, көндүмдөрдү өнүктүрүү, жаңы досторду табуу жана талантты ачуунун эң сонун мүмкүнчүлүгү экендигин белгиледи жана студенттерди тырышчаактыкка, талыкпай эмгектенүүгө, окутуучуларды сыйлоого жана өз жөндөмдөрүнө ишенүүгө чакырып, окууларына ийгиликтерди жана шаңдуу студенттик күндөрдү каалады. Мындан тышкары спорттук таймаштарда жеңишке жетишкен студенттерди сыйлоого катышты.