• Новости Социально-гуманитарных дисциплин

Кафедра башчысы Андижан шаарында баяндама жасады

2026-11-14 01:41:45 12

Эл аралык медицина факультетинин социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын башчысы, проф. С.М. Амиралиев Андижан мамлекеттик медициналык институтунда өткөн "Медицинадагы симуляциялык окутуу: көйгөйлөр, чечимдер жана перспективалар" аттуу эл аралык илимий практикалык конференциянын пленардык жыйынында россиялык, казакстандык жана өзбекстандык окумуштуулар менен катар "Медицина кызматкерлеринин ортосунда интеллектуалдык викторина өткөрүүнүн алгачкы тажрыйбасы" деген темада доклад окуду. Тема "Росомед" уюму каржылаган долбоорду аткаруунун натыйжасы менен байланыштуу экендигин белгиледи. Мындан тышкары ал кесиптеши Андижан мамлекеттик медициналык институтунун доценти Д.Б. Абдуллаев менен биргеликте "Жаш окумуштуулар" деген секциясын жетектеп, 23 студенттин чакан изилдөөлөрүнүн натыйжаларына күбө болуп, суроолорду берип, докладдардын арасынан 1-2-3-орундарды аныктады жана дипломдорду тапшырды. Конференцияга КД 2 кафедрасынын окутуучулары дагы активдүү катышып секциялык иштерде презентацияларды жасап кайтышты.